Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги 17-июлда Абай облусундагы «Семей токою» мамлекеттик жаратылыш коругунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, бирок өзүнчө түтөп жаткан очокторду толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.Министрликтин маалыматына ылайык, бардык кызматтардын ыкчам жана координацияланган аракеттеринин натыйжасында өрттүн жайылышы токтотулду. Түн ичинде куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөштү үзгүлтүксүз улантышты.17-июль күнү өрттү өчүрүүгө 769...