АКШ чет элдик студенттер, журналисттер үчүн виза эрежелерин катаалдаштырмакчы

Иллюстративдик сүрөт
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы чет элдик студенттер, маданий алмашуу программаларынын катышуучулары жана журналисттер үчүн визанын мөөнөтүн кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул көрсөтмө АКШнын ички коопсуздук министрлигинин токтому аркылуу белгилүү болду, деп билдирет Reuters.

Эми F, J жана I типтеги визалар белгилүү бир мөөнөттө гана күчүндө болот, бул мөөнөт билим берүү же маданий программалардын узактыгына, ошондой эле өлкөдөгү жумуш ордуна байланыштуу болбойт. Жаңы эрежелерге ылайык, студенттердин жана алмашуу визаларынын мөөнөтү төрт жылдан ашпашы керек, ал эми медиа өкүлдөрү үчүн визалар болгону 240 күн, Кытай жарандары үчүн болсо 90 күн гана күчүндө болот.