Өзбекстанда ысыкчылыкка байланыштуу бала бакчалар убактылуу жабылууда

Өзбекстанда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу бала бакчалар убактылуу жабылууда. 16-июлдан тартып Ташкент облусунда бардык мамлекеттик жана жеке бала бакчалардын иши токтотулду. Бул чечим облус хокуми Зоир Мирзаевдин жетекчилигиндеги жыйында кабыл алынды, деп билдирет УзА.

Бала бакчалардын ишин калыбына келтирүү аба ырайынын жакшырышына жана Ташкент облусунун хокуми тарабынан кошумча чечимге көз каранды болот.