19-июлда Бишкекте FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнунун трансляциясы Legend Fan Festival фан-зонасында өтөт. Иш-чаранын ачылышы 21:00дө Ала-Тоо аянтында пландалган. Уюштуруучу катары "Шоро" компаниясы Кыргыз футбол федерациясынын колдоосу менен иш алып барат.

Оюн башталгандан мурда конокторго жана борбордун тургундарына ар түрдүү көңүл ачуучу программа даярдалган. Сценада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток сыяктуу популярдуу аткаруучулар чыгышат, ошондой эле диджейлер да болот. Мындан тышкары, ар түрдүү тамак-аш жана суусундуктар менен фуд-корт иштейт, ал эми көрүүчүлөр үчүн интерактивдүү аянтчалар, конкурстар жана сыйлыктарды утуп алуу үчүн оюндар уюштурулат.