Заманауи кино ЦА көрүүчүлөр менен үй-бүлө тууралуу сүйлөшөт жана элдерди бириктирет


Чолпон-Атада ШОС өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы өтүп жатат, анда эл аралык калыстар тобу конкурс программасынан күткөндөрү менен бөлүшүп, кинематографиянын мамлекеттер ортосундагы маданий байланыштарды күчтөндүрүүдөгү маанисин талкуулашты. Өзбекстан Кинематография агенттигинин эксперти жана продюсер Сайёра Худойбердиева фестиваль жаңы фильмдер менен таанышуу үчүн гана эмес, кесиптештер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү болуп калганын белгиледи.