





Бүгүн, 17-июлда, Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик табигый паркында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өттү. Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өттү.
Форумга ар кандай мамлекеттик органдардын, жаштар уюмдарынын, туристтик тармактын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн расмий делегациялары катышты.