Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин ипотекалык үйлөргө байланыштуу сөзүндө жарандардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтканын сынга алды. Касымалиев бул жөнүндө өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында айтты.“Нурдан Орунтаевдин “Ачык кабинет” долбоорго катышкан күнү мыкты, ачык уюштурулган. Бирок бир гана сөзү бүтүндөй оң таасирди жокко чыгарды. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча курулган унаа токтотуу...