АКШнын Огайо штатында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына байланыштуу айыпталган Өзбекстандын жараны Бекзод Асраров күрөөгө бошотулду. Ага электрондук билерик тагылды.Соттук угууда Асраровдун адвокаты анын кардары Кошмо Штаттарда мыйзамдуу негизде жашай турганын, туруктуу жашаган жери бар экенин жана буга чейин Америкада да, Өзбекстанда да соттолбогонун билдирди. Андан соң мамлекеттик айыптоочулар аны күрөөгө бошотууга каршы болгон жок.Ошол эле учурда прокурорлор жол кырсыгы боюнча толук...