Бишкек шаардык соту 17-июлда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин карап, айыпталуучу акыркы сөзүн айткан соң өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" отурумга катышкан кабарчысы билдирди.Сот Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал эми үчүнчү –...