
«ШОС өлкөлөрүнүн кинематографы азыркы этапта: интеграция, ко-продукция, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү» деген тегерек столдо Гуандун провинциясынын Кино иштер башкармалыгынын директору Цуй Чжаоян Кытайдын кинематографынын абалы тууралуу маалыматтарды сунуштады. Ал Кытайда болжол менен 90 миң киноэкран бар экенин белгилеп, бул өлкөнү дүйнөлүк кино рыногунун лидерлеринин бири кылат деп айтты.
Кытай дүйнөдө кино прокатында экинчи орунду сактап, глобалдык киноиндустриянын өнүгүүсүндө маанилүү кыймылдаткыч болуп калууда. 2025-жылы өлкөнүн кассовый жыйымдары 7,47 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө, ал эми «Нэчжа 2: Демон-бала деңизди багындырат» фильми дүйнөлүк прокатта эң көп касса жыйнаган фильм болуп калат.