Бишкектин Ленин районунда 9 тамактануучу жай жабылды
Бишкектин Ленин районунда санитардык нормаларды катуу бузгандыктан, убактылуу тогуз кафе жана ресторан жабылды. Бул чечим мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлгөн комплекс текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Текшерүү Бейшеналиев көчөсүндө, Чүй проспектинен Пушкин көчөсүнө чейин жайгашкан тамактануучу жайларды камтыды. Инспекциянын жүрүшүндө олуттуу кемчиликтер аныкталды, бул болсо аталган объекттердин ишин токтотууга негиз болду.