Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү көпүрөдө курулуш иштеринин жүргүзүлүшү уланууда. Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы бул долбоордун алкагында көпүрөнүн потолок жабуусун орнотуу жана жылуулук тармактары үчүн инженердик коммуникацияларды монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.
Бул иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, бүгүнкү күндөн баштап саат 18:00дөн дүйшөмбүгө чейин, Боконбаев көчөсүнөн Кулатова көчөсүнө чейинки бөлүктө транспорт үчүн бир жолдун кыймылы убактылуу жабык болот. Бул аймакта автотранспорттун кыймылы учурдагы убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен уюштурулат.