17-июлда Бишкектеги санитардык полигондо катталган жергиликтүү өрттүн себеби абанын жогорку температурасы болду. Башкы шаардык мэриясы учурдагы кырдаал жана өрт очогун жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Окуя болгон жерде Первомай районунун акими Улан Сарылбек уулу болуп, ал иштерди координациялап жана көзөмөлдөп жатат. Өзгөчө кызматтар өрттү тез арада локализациялап, жоюу үчүн күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.