
Чет элдик инвесторлорго жер участкаларын узак мөөнөттүү ижарага берүү Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келе жаткан практика. Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, жерлерди пайдаланууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусуна жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.
Vefa Center жана Beta Stores сыяктуу инвестициялык долбоорлор Бишкектеги узак мөөнөттүү ижара механизми аркылуу ишке ашырылган. Бул объектилер мыйзамдын алкагында иштеп, жумуш орундарын жана бюджетке салык кирешелерин камсыз кылат. Жерлер өлкөдөн чыгарылбайт, бул болсо мындай кооптонууларды негизсиз кылат.