Кабинет министринин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана ЖКК министри Нурдан Орунтаевдин акыркы билдирүүлөрүнө сын айтты. Касымалиев министрдин Госипотечная компаниясынын үйлөрүнүн жанындагы автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги тууралуу комментарийине жооп берди.

Орунтаев суроого жооп берип жатып: “Бул жерде биринчи кезекте турак жай маселесин чечүү керек, андан кийин автоунаа токтотуу маселесин караш керек. Ооба, биз баарыбыз автоунаа менен жүргүбүз келет, бирок биринчи кредитти төлөп, анан автоунаа сатып алабыз,” - деди.