Сокулук районунда авария болуп, анын натыйжасында Hyundai Sonata унаасы бетон бөлгүчкө сүзүлгөн. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тез тарап кетти.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 17-июлда саат 10:00 чамасында Бишкек - Ош трассасынын 29-километрине жакын орун алган.