Бишкектин таштанды талаасында 17-июлда чыккан өрткө полигондун айрым аймактарында абанын температурасы 60 градуска жетип, тиричилик калдыктары тутанганы себеп болгон.Мэрия учурда кырдаал көзөмөлдө экенин, өрттү жайылтпоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.Синоптиктер өлкө аймагында 14-июлдан тартып 18-июлга чейин абанын температурасы көтөрүлөрүн, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жеринде 43 градуска чейин ысырын эскерткен. 20-21-июлдан баштап температура төмөндөп,...