Президент Садыр Жапаров инвесторлор тарабынан алынган жер участкаларын пайдаланбоо практикасына чек коюу ниетин билдирди. "Кабар" маалымат агенттигине берген интервьюсунда ал инвестициялык долбоорлор азыркы учурда так ишке ашыруу графиктери жана конкреттүү милдеттенмелерге ээ болорун баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, инвестициялык келишимдерде белгиленген мөөнөттө кандай инвестициялык көлөмдү салуу керектиги, курулуш качан башталаары, объект качан эксплуатацияга берилери, ошондой эле канча жумушчу орун түзүлүшү жана долбоор мамлекетке кандай салык түшүүлөрүн камсыз кылаары так жазылып турат.