Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин бир күн ичинде кескин кымбаттады. Социалдык тармакка айрым колдонуучулар жарыялаган сүрөттөрдөн май куючу майларда бензиндин литри 109,9 сомдон сатылып жатканын көрүүгө болот. Баа күн мурда 98 сом болчу.Энергетика министрлиги баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маалымат бере элек.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-июлда күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү...