Быйылкы жылдын биринчи жарымында 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты. Өткөн жылы ушул маалда жети өзгөчө учур катталып, адам өмүрү кыйылган эмес.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында айтылды.Маалыматка ылайык, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34...