
Иллюстративдик сүрөт
Шейшемби түнү АКШнын Борбордук командованиеси (CENTCOM) Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн дагы төмөндөтүү максатында ирандык объектилерге жаңы соккулар жасалганын билдирди. Бул соккулар BBC тарабынан маалымдалган операциялардын жетиинчи болуп калды.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Reutersке шилтеме берип, Ахваз, Йезд жана Бандер-Аббас шаарларында, ошондой эле Ормуз булуңундагы аралдарда америкалык соккулардан кийин болгон жарылуулар тууралуу маалымат беришти. Жооп катары Тегеран Кувейт, Бахрейн жана Сауд Аравиясындагы америкалык аскер базаларына сокку урулганын билдирди, бирок бул маалымат азырынча тастыкталган жок.
Ирандын Ислам революциясынын коргоо корпусу (КСИР) ошондой эле, АКШ тарабынан көзөмөлдөнгөн Ормуз булуңунун түштүк бөлүгүндө маршрутта турган эки танкер минанын жарылуусуна учураганын маалымдады. Бирок CENTCOM бул билдирүүнү жалган деп четке какты.