Украина 18-июлга караган түнү Орусиянын бир нече аймагындагы объектилерге учкучсуз учактар менен чабуул койду. Тамбов облусунда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Wildberries маркетплейсинин кампасынын жети кызматкери каза болду. Ал эми Владимир облусунун бийлиги учкучсуз учак тийген көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын облус борборунан эвакуациялоо жүргөнүн билдирди. Тамбов облусунун Котовск шаарындагы Wildberries логистикалык борборунда өрт украиндердин дрон чабуулунан улам келип чыкканын...