Өмүрдөн кайтты Жогорку соттун судьясы Абылай Мухамеджанов
68 жашында Кыргызстандын сот системасындагы көрүнүктүү ишмер, мурдагы юстиция министри жана Жогорку соттун судьясы Абылай Жумакадырович Мухамеджанов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу республикабыздын Жогорку соту терең кайгыруу менен маалымдады.

Абылай Жумакадырович өмүрүндө жана карьерасында көптөгөн жолдорду басып өттү, жумушчу катары баштап, жогорку мамлекеттик кызматтарга көтөрүлдү. Ал тергөөчү болуп иштеди, Жогорку Кеңеште бөлүмдөрдү башкарып, юстиция министри болуп кызмат өтөдү жана узак убакыт бою Жогорку соттун судьясынын милдетин ардан менен аткарды.