18-июлга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Кара жана Азов деңиздеринде Орусиянын "көмүскө флотунун" 13 кемесин, анын ичинде жүк жана газ ташуучу танкерлерди, сүйрөөчү кеме менен эки калкыма кранды талкалады. Бул тууралуу өлкөнүн Учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди билдирди.Анын айтымында, 6-18-июль аралыгында жалпысынан орус "көмүскө флотунун" 172 кемеси (118и Азов деңизинде, 54ү Кара деңизде) жарактан чыгарылды."Максаты: санкцияларды...