Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 64-участогунда Нарын шаарында 18 жана 19-июлда бир тараптуу кыймыл киргизилет. Бул канализация түтүктөрүн орнотуу иштерин жүргүзүү менен байланыштуу.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, чектөөлөр курулуш иштеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл. Жүргүнчүлөргө убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алуу, жол белгилеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык жүрүү жана түнкү убакта өзгөчө этият болуу сунушталат.