Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Москва облусундагы Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын складында чыккан өрт тууралуу маалымат берет. Эртең менен өлкөнүн элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерде жардам көрсөтүү үчүн болушту.
Складда иштеген Кыргызстандын жарандары менен элчиликтин өкүлдөрүнүн жолугушуулары болуп өттү. Учурда кыргызстандыктар арасында мүмкүн болгон жабырлануучулар тууралуу маалымат такталууда, ошондой эле зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.