Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын складында чыккан өрттүн натыйжасында Кыргызстандын жарандарынан жабыркагандар тууралуу маалымат текшерилип жатат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги зарыл консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө.
Учурда өрт толук өчүрүлгөн жок, складдын аймагы күзөттө турат. Россиянын ТЖМ кызматкерлери жана башка жооптуу кызматтар окуя болгон жерде иштеп, коопсуздукту жана кырдаалды көзөмөлдөп жатышат.
Россиялык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, өрт дрондордун чабуулунан кийин чыккан, окуянын себептери Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан аныкталууда.
Элчиликтин өкүлдөрү складда иштеген кыргызстандыктар менен жолугушуп, алар менен байланышта болууну улантууда, ошондой эле кырдаалды мониторинг жүргүзүү үчүн Россиянын бийликтери менен байланышта.