Конкурс фильмдеринин көрсөтүлүшүнөн кийин көрүүчүлөр фестивалда көрсөтүлгөн чыгармалар тууралуу пикирлерин бөлүштү, бул тууралуу Кинематография департаменти маалымдады. Иш-чаранын катышуучулары азыркы учурда бардык маданий айырмачылыктарга карабастан, жалпыга түшүнүктүү универсалдуу темаларды камтыган кинонун маанилүү экенин белгилешти.

"Эң негизгиси — элдердин биримдигине, тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө басым жасоо. Биз бул идеяны толук колдойбуз," — деди көрүүчүлөрдүн бири. Талкууда көрүүчүлөр конкреттүү сахналарга эмес, фильмдин идеясында камтылган терең мааниге көңүл бурушту.