
18-июлда Россияда Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык объекттерине дрондордун чабуулу болду, алар Москванын Электросталь шаарында жана Тамбов облусунун Котовск шаарында жайгашкан. Чабуулдардын натыйжасында кампаларда өрт чыкты, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Россиялык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Котовск шаарында өрт локализацияланып, ачык от өчүрүлдү, ал эми Электросталь шаарында кесепеттерди жоюу иштери уланууда. Эки кампадан да кызматкерлерди тез арада эвакуациялоо иши жүргүзүлдү.