Орусиядагы Wildberries-Russ маркетплейсинин кампаларына жасалган чабуулдан улам чыккан өрттөн бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага түштү. Москвадагы элчиликтин кызматкерлери өрттөн улам документтеринен айрылган кыргыз жарандарын дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрылууга чакырышты.