
53 жаштагы адистин айтымында, Франциянын улуттук командасы менен иштөө анын карьерасындагы негизги максаттардын бири болуп саналат. "Мен машыктыруучулук ишиме кайтып келем. Менин максаттарымдын бири - Франциянын улуттук командасын жетектөө. Келечекте эмне болорун көрөбүз", - деди Зидан.