32 жаштагы Айбек Шамшидин уулу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим 18-июлда Бишкекте федерациянын курултайында кабыл алынды.Федерациянын маалыматына ылайык, курултайга 100дөн ашуун делегат катышты. Алардын арасында спорт ардагерлери, оюнчулар, машыктыруучулар, калыстар, аймактык федерациялардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары болду.Жыйында федерациянын мурдагы президенти Акылбек Эшимовдун башка жооптуу кызматка дайындалганына байланыштуу...