Украинанын президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийди кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын Financial Times басылмасы өз булагына таянып жазды.Басылманын маалыматына ылайык, ушул дем алыш күндөрү Зеленский аскердик командирлер менен жолугуп, фронттогу кырдаал боюнча алардын баасын угат жана башкы командачы кызматына талапкерлер менен сүйлөшөт.Булак билдиргендей, эгерде фронттун коргонуу жөндөмүн сактоо менен жетекчиликти үзгүлтүксүз өткөрүп...