Чүй облусунун мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Чүй облустук башкармалыгы Чүй облусундагы курулуш объекттерин текшерди. Инспекциянын алкагында шаар куруу боюнча мыйзамдык нормалардын сакталышы, долбоордук документтердин болушу жана курулуш иштеринин бекитилген долбоорлорго ылайык келиши бааланды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө облустагы курулуш тармагында иш алып барган 25 юридикалык жана жеке жактар камтылды. Айрыкча, инспекция бетон-раствордук түйүндөргө (БРУ), асфальт-бетон заводдоруна (АБЗ) жана майдалоо-сорттоо комплекстери боюнча болду.