
Жакында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген медиаторлор үчүн онлайн форматта тренинг өттү, аны Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасы уюштурган. Иш-чаранын негизги спикери Ташкенттеги медиация борборунун директору Диербек Кимсанов болуп, ал альтернатива жолу менен талаш-тартыштарды чечүү боюнча өз тажрыйбасын бөлүштү.