Ооганстандын Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министрлиги мекеменин башчысы Мухаммад Халид Ханафи Өзбекстан тууралуу сын айткан деген маалыматтарды четке какты.Ооган тарап бул тууралуу расмий билдирүүнү 16-июлда Өзбекстандын Кабулдагы элчилигине жөнөткөнүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, Daryo басылмасы жазды.Билдирүүдө Ооганстандын Өзбекстанга болгон мамилеси ачык экени белгиленип, эки өлкөнүн ортосунда терең диний, тарыхый жана маданий...