19-июлда Чолпон-Ата шаарында, Госрезиденция №2нин аймагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катышуучу өлкөлөрдүн маданият министрлеринин 23-киретки жыйыны өтүүдө. Бул иш-чара Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында уюштурулууда. Жыйында Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Индия, Кытай, Пакистан жана Россиянын делегация өкүлдөрү катышууда.
Жыйында министрлер ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий өз ара аракеттенүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашат. Негизги көңүл биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, эл аралык маданий иш-чараларды уюштурууга жана маданият жана искусство тармагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн келечегине бурулат.