Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген адам “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды.Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, 17-июлда саат 03:00 чамасында милицияга Ош шаарында 29 жаштагы адам бычакталып, окуя болгон жерден каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) жүргүзгөн териштирүүнүн жүрүшүндө пикир келишпестиктен улам шектүү - Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну өзү теңдүү адамга кол...