Глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында «Шанхай руху», өз ара урматтоо, теңдик жана маданий көп түрдүүлүктү таануу негизинде, макрорегиондо туруктуулук, ишеним жана тынчтыкта жашоонун бекем негизин түзөт. Бул тууралуу 23-майда ШОС өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин жыйынында Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Ал өткөн убакытта катышуучулар көптөгөн теориялык макулдашууларды практикалык иш-аракеттерге өткөрүүгө жетишкенин белгиледи.