1929-30-жылдары совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, сүргүнгө айдаган. Кыргызстандан ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат.