
Ош шаарында 19 блоктон турган жаңы алты кабаттуу турак үйдүн капсуласы коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалымат алынды.
Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, депутаттар жана аймактын тургундары катышты.
Проект Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Жаңы турак жай комплекси 815 батирге эсептелген, анын ичинде:
- 246 бир бөлмөлүү;
- 494 эки бөлмөлүү;
- 75 үч бөлмөлүү.
Жаңы имараттын биринчи кабатында коммерциялык жайлар, бала бакча жана авто токтотуучу жай жайгаштырылат.