Россия 2028-жылга карата көрүнүктүү маданият ишмерлеринин мааракелерине арналган ШКУнун атайын программасын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу РФ маданият министринин орун басары Сергей Першин Чолпон-Атада өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмесинде билдирди. Ал программага эл аралык адабий форумдар жана илимий конференциялар, театралдык коюулар жана кино көрсөтүүлөр, музей жана китеп көргөзмөлөрү, адабий кечелер, котормочулардын сынактары жана илимий изилдөөлөр кириши мүмкүн экенин белгиледи.