Чүй облусунда 25 курулуш объектин текшерүү жүргүзүлдү, натыйжасында 1 миллион сомдон ашык айыппул салынды. Маалымат Кыргызстандын курулуш, архитектура жана ЖКК министрлигинен берилди.
Контрольдук иш-чаралардын алкагында зарыл уруксат жана долбоордук документациянын болушу, ошондой эле шаар куруу жана курулуш тармагындагы объекттерди пайдалануу боюнча нормалар жана стандарттардын сакталуусу текшерилди.