Орусиянын аскерлери 19-июлга караган түнү Киевге ракеталар менен жапырт чабуул койду. Акыркы маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Украинанын борборуна бир сааттын ичинде түрдүү типтеги ондогон ракета, негизинен баллистикалык ракеталар атылды. Чабуулдан улам өрт чыгып, жабыркагандар бар. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, бул согуш башталгандан бери Киевге эң ири чабуулдардын бири болду.Киев июль айында эле төртүнчү жолу жапырт соккуга...