
Ош шаарында бүгүн Г. Айтиева көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери расмий түрдө ачылды. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолдун узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон, жаңы асфальтбетон жабындылары 12 сантиметр калыңдыкта төшөлдү. Ошондой эле көчөнүн эки тарабында 3400 метр узундукта жаңы тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду, жол белгилери жаңыртылды жана жолдун белгилери алмаштырылды.