19-июлда Украинанын Харьков шаарынын четиндеги почта терминалына ракеталык соккунун кесепетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.Синегубовдун маалыматына ылайык, каза болгондор 24, 45 жана 62 жаштагы жарандар. Дагы 20 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Жабыркагандардын үчөө оор абалда. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Бир нече сааттан кийин Синегубов жаракат алгандардын бири ооруканада каза...