Казакстанда биринчи жолу укук бузуучуларды аныктоо үчүн жасалма интеллект менен жабдылган робот ит колдонулду. Бул тууралуу Tengrinews билдирет.
Карагандынын полиция кызматкерлери билдиришкендей, робот ит 17 жана 18-июлда Балхаш жана Темиртауда Металлург күнүн белгилөө учурунда полиция кызматкерлеринин менен биргеликте иштеди, анда 115 миңден ашык адам чогулду. Ошондуктан, жергиликтүү полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, миңден ашык кызматкерди тартты.