Бишкекте аномалдуу ысык, абанын температурасы +40 °Cдан ашып кетти. Ар кандай беттердин канчалык ысып жатканын изилдөө үчүн редакция термографиялык камераны колдонуп, шаардагы эң ысык жерлерди изилдеди.
Күн астындагы температура
Күндүн катуу нурларынын таасиринен асфальт, металл жана бетон критикалык температураларга чейин ысып жатат. Мисалы, Ала-Тоо аянтында асфальттын температурасы +65,2 °C жетет.