
Ысык-Көл облусунда Кырчын жайытка бараткан 35,5 км узундуктагы жолдун асфальтталуусу аяктады. Жумуштар Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлдү.
Жолдун реконструкциясы VI Дүйнөлүк кочмондор оюндарына даярдык көрүү үчүн пландалган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп калды. Проекттин алкагында жолдун жээги бекемделип, жол белгилерин жана коргоочу тосмолорду орнотуу улантылууда, ошондой эле унаалар үчүн атайын токтотуучу жайлар курулууда.
Жаңыланган жол туристтердин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыздайт, бул болсо Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет.