Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭС) алкагында жүк жана жүргүнчү ташуулар боюнча оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы маалымдайт.

Берилген маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь айынан май айына чейин ЕАЭСте жалпы жүргүнчү айлануусу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,8%га өскөн. Айрыкча, Беларуссияда өсүш 7,8%ды, Арменияда 6,1%ды, Казакстанда 4,1%ды, ал эми Кыргызстанда 3,9%ды түзгөн.